Москвада Ливия боюнча тынчтык сүйлөшүүсү өтөт
Орусия менен Түркия президенттеринин чакыруусу менен Ливияда 12-январда ок атышууну токтотуу жараяны күчүнө кирген. Бирок тараптар ортосунда куралдуу жаңжалдар айрым жерлерде уланган.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Ливияда кош бийлик сакталып турат. Өлкөнүн чыгышын парламент жана генерал Халифа Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Ал эми батышы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн карамагында.
БУУнун колдоосу менен түзүлгөн бул өкмөт баш калаа Триполиде жайгашкан. Хафтардын бийлигин Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Орусия колдой тургандыгы айтылып келет. Орусия Ливиядагы жаңжалга тиешеси бар экенин такай четке кагып келгени менен Хафтар тарапта орусиялык жалданма аскерлер согушуп жүргөнүнүн далилдери бар.
