Пакистанда бороон 15 кишинин өмүрүн алды
Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагындагы эки күндөн бери токтобой жаткан бороон-чапкын кеминде 15 кишинин өмүрүн алды.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алардын көбү үйлөрүнүн чатырлары кулап, каза табышты. Калың жааган кардан улам провинция борбор Кветта шаарын башка аймактар менен байланыштырган кан жол жабылып калды. Жети райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
12-январда коңшу Ооганстанда да суук менен калың түшкөн кардан улам 19 киши набыт болгону кабарланган. Жалпысынан быйыл Ооганстанда тоңуп өлгөндөрдүн саны 24кө жетти.