Губернатор Көк-Таш айылынын өкүлдөрү менен жолукту
11-январда милиция «чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды» деген шек менен Көк-Таш айылынын төрт тургунун кармап алып кеткен.
“Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысына милиция берген маалыматка караганда, кармалгандар райондук соттун чечими менен эки суткага камакка алынышкан.
11-январда кыргыз-тажик чек арасынын Көк-Таш аймагында чатак чыккан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. (MdN)
