Жикчил Абхазиянын лидери кызматтан кетти
Хажимба кызматтан кетерден бир нече саат мурда орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков менен жолуккан. Ал Сухумиге атайын орусиялык делегация менен барган.
Бир күн мурда Жогорку сот 2019-жылдын сентябрь айында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жаратпай салган. Ал добуш берүүдө азыркы «президент» Раул Хажимба жеңишке жеткени жарыяланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.
9-январда аймакта нааразылык акциялары башталган. Оппозициянын тарапташтары президенттин администрациясынын имаратын басып алып, Хажимбанын кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышкан. 12-январда күндүз жаңы президенттик шайлоо 22-мартка белгиленгени маалым болду.
2008-жылы беш күндүк орус-грузин согушунан кийин 8-августта Абхазия Грузиядан бир тараптуу көз карансыздыгын жарыялап алган. Аны Орусия жана Африка менен Түштүк Америкадагы саналуу мамлекеттер гана тааныган. Батыш мамлекеттери жана Грузия тааныган эмес. Абхазияда Орусиянын миңдеген аскерИ жайгашкан.
