Ошто композитор Рысбай Абдыкадыров эскерилди
- Жыл сайын Абдыкадыровдун туулган күнүн эскерүү салтанаты болуп турат. «Рыспай Абдыкадыров» клубунун мүчөлөрү, анын атындагы филармониянын жетекчилиги, кызматкерлери, замандаштары, туугандары, жакындары келип, анын эстелигине гүл коюп, эскеришти, - деди Кадырбек кызы.
Рысбай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунда туулган. Ал чыгармачылык өмүрүндө 200 ашуун обон жаратып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Абдыкадыровдун ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирген.(DU)
