Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек арачылар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге чек арага канатташ жашаган тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Күч органдарынын ишин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев менен ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев көзөмөлдөп жатышат. (BkA)
