Ок жеген илбирс операцияга муктаж
Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган жаралуу илбирс Бишкекке жеткирилди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, ак илбирске ок тийген. Бул Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен өткөн кеңешмеде аныкталды.