Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Чек ара кызматы Тажикстандын жаңжал боюнча маалыматын төгүндөдү

0
Чек ара кызматы Тажикстандын жаңжал боюнча маалыматын төгүндөдү

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара аскерлеринин 10-январга карата түнү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалыматын “чыныгы абалды бурмалоо” деп атады. Бул тууралуу кыргыз Чек ара кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жаңжалды тажик жарандары баштап, үч саат бою Тажикстан тараптан гана ок атылганы айтылган. Жаңжал Баткен районундагы кыргыз -тажик чек арасында болгон.  

“10-январга караган түнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагындагы инцидентке Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарын таандык эки автоунаа, андан соң үйгө таш ыргытуу менен чагым кылды. Үч саат бою Кыргызстандын аймагына улам-улам ок атып турушту. Мындан улам кыргыз тарап балдар менен аялдарды ок атылган аймактан чыгарып кетүүгө аргасыз болду. Ок атуу Тажикстандын аймагынан гана болду, Кыргызстандын жарандары курал колдонгон жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жаңжалдан соң Тажикстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү социалдык тармактарга комментарийлерди жазып, эки өлкөнүн жарандарынын пикир келишпестикти күчөтүп жатканына көңүл бурулган.

Мындан сырткары былтыр 29-декабрда Т. Сафарова аттуу тажик жараны өз туугандары менен жаңжалдашкан окуя боюнча кыргыз чек арачыларын негизсиз айыптап жатканы кошумчаланган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты кырдаалды объективдүү баалоого жана жаңжалды күчөтчү аракеттерге каршы турууга чакырган.

Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​ Анда алгач болуп кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырганы жана эки жолу кыргызстандыктар мергенчилик мылтыгынан ок атканы айтылган болчу.

Ошондой эле тажик тарап акыркы учурда кыргыз жарандары тарабынан ок атылган учурлар көбөйгөнүн белгилеп, акыркы жолу 2019-жылдын 29-декабрында бир тажик жаранынын өмүрүнө коркунуч туулганын эске салган.

Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн атайын органы жаңжал үчүн жоопкерчиликти кыргыз тарапка жүктөгөн.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын ортосунда чатак чыгып, туш келди ок атылган.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар. Мындай аракет жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жасалды.

Азыркы маалда кыргыз-тажик чек арасында 9-январдан 10-январга оогон түнү болгон жаңжал боюнча Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү аяктады. Учурда чер ара тилкесинде кырдаал туруктуу, Кыргызстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (BkA)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о строительстве моста через Москву-реку у Берегового проезда


Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Первый в России электромобиль Tesla Cybertruck заметили на Москве





Путин в России и мире
Москва

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Во Владимире прозвучал симфонический оркестр Мариинского и Большого театров под руководством Валерия Гергиева



Москва

В должность вступил новый хоким Мархаматского района

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net