Жалал-Абадда жер силкинди
10-январда эртең менен Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институтунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, силкинүү Аксы районундагы Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (BkA)