Талас алтын кен комбинатынын фабрикасында өндүрүш жөнгө салына баштады
Кыргыз өкмөтү Талас алтын кен комбинатынын фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталганын маалымдады.
Өкмөттүн сайтына 9-январда чыккан кабарга ылайык, «AAEngineering Group» жалданма компаниясы кен иштетүүгө байланыштуу жумуштардын баарын аткарган.
Кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 1,2 грамм алтын камтылган 8,1 тонна кен топтолду.
«Жерүй» кенинин өндүрүш тилкесинде 760 адам иштейт, анын 90% кыргыз жарандары.
«2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт», деп айтылат расмий маалыматта. (SE)