Башар Асад менен Владимир Путин жолукту
Орусиянын президенти Владимир Путин 7-ноябрда Сирияга барды. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Путин Дамасктагы аба майдандан Сирия армиясынын орусиялык командачылыгы жайгашкан бекетке автоунаа менен барып, ал жактан президент Башар Асадга жолукту.
Тараптар өлкөнүн ар кайсы аймагындагы аскердик жагдайды талкуулашты. Песков Путин Сириядагы бир катары объекттерде болорун кошумчалады.
Сириядагы согушта Орусия Башар Асад баштаган өкмөттү колдоп келет жана 2015-жылдан тарта аскердик жардам бере баштаган. Батыш мамлекеттери болсо Асадды «адам укуктарын бузган, аскердик кылмышка барган» деп айыптап жүрүшөт.
Буга чейин «Financial Times» басылмасы коррупцияга каршы күрөшкөн «Global Witness» өкмөттүк эмес уюмунан алынган документтерге таянып Башар Асаддын жакын туугандары Орусиянын Москва шаарындагы «Москва-Сити» турак жай комплексинен жалпы баасы 40 миллион долларга бааланган кеминде 19 батир сатып алышканын жазып чыккан.
Быйыл тогуз жылга аяк баскан Сириядагы согуш баш-аягы 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон киши турак жайын, там-ташын таштап, башка өлкөгө баш калка издеп кетти.