HRW Трамптын Ирандагы маданий жайлар тууралуу эскертүүсүн сындады
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандагы маданий жайларга сокку урулушу мүмкүн деген сөздөрү тынчсыздануу пайда кылды.
4-январда Трамп Иран бийлиги генералдын өлүмү үчүн өч ала турган болсо, АКШ “Иран жана Иран маданияты” үчүн маанилүү жайларды сокку урула турган 52 бутанын тизмесине кошорун "Твиттерге" жазды.
Мындан кийин "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму согуш мыйзамдары “аскердик максаттарда пайдаланылбаган жарандык жайларга атайлап сокку урууга” жол бербейт деп билдирди.
Нью-Йоркто жайгашкан уюм Женева конвенциясынын маданий объекттерге чабуул коюуга тыюу салган беренесин келтирет.
"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Вашингтондогу директорунун милдетин аткаруучу Андреа Прасоу Трампты “Ирандын маданий жайларына каршы коркуткан сөздөрүн кайра алууга жана согуш кылмыштарына буйрук бербесин так айтууга” чакырды.
ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азулай “маданий жана жаратылыш мурасынын тынчтыкты жана диалогду куруудагы универсалдуу ролуна, орток мурасты келечек муундар үчүн сактоо керектигине” басым жасады. Бул тууралуу Азулай Ирандын уюмдагы элчиси менен жолугушууда айтты.
Иранда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген 22 маданий жай орун алган. Мисалы, байыркы Персеполис шаарынын урандылары, 17-кылымдан калган Исфахандагы мечит, Тегерандагы Гулистан сарайы.