Тегеранда генерал Сулеймани менен коштошуу болду (видео)
Тегеранда «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани менен коштошууга жүз миңдеген киши чогулду. Иш-чарага Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү катышып, дуба кылды. Бир нече шаарда уюштурулган коштошуудан кийин маркумдун табыты туулган жери Керманга жеткирилип, 7-январда жерге берилмекчи.
Генерал өткөн жума күнү Багдадда америкалык аскерлердин аба соккусунан набыт болгон. Тегеран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткенден кийин АКШ президенти Доналд Трамп андай болсо, Ирандагы бир катар жерлерге, анын ичинде тарыхый жайларга сокку уруларын билдирди.
Вашингтон генерал Сулейманини Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.
Генерал жана бир нече киши өлгөн соккудан кийин Ирактын парламенти 5-январда америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарууга үндөгөн резолюцияны колдоп добуш берди. Көп узабай Трамп Иракка «мурда көрүп көрбөгөндөй» санкция киргизилерин эскертти.