"Азаттыктын" каарманы Германияга акысыз окууга жөнөтүлөт
Бул тууралуу "Фейсбукка" жазып, кыргызстандыктарды башка мамлекеттерге окууга жөнөтүүчү долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Нурсултан Кубанов менен ушундай чечимге келишкенин маалымдады.
Ушундай эле кабарды Нурсултан Кубанов жазып, Бекзат Германияга окууга жиберилерин кабарлады.
24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу Москвада тамак ташып иштейт. Ал 2019-жылдын декабрь айынын башында москвалык белгилүү блогер Алексей Кузьминдин сынагында 20 миң рубль утушка ээ болгон. Анын «акчаны айылдагы ата-энеме жиберем» деп чын жүрөктөн айткан жообуна Интернет колдонуучулар ыраазы болушкан.
"Азаттык" Бекзат тууралуу видеобаянды 31-декабрда жарыялаган.
