Иран бийлиги АКШга жооп кайтара турганын билдирди
Ирандын президенти Хасан Роухани өз өлкөсү АКШга дагы чечкиндүүлүк менен каршы турарын, Тегеран жана анын чөлкөмдөгү өнөктөштөрү "өч аларын" айтты.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болду. Маалыматка ылайык, таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулган.
АКШнын армиясы бул операцияны "коргонуу" максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.
62 жаштагы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
