Ирандын таасирдүү командири Багдадда өлтүрүлдү
Бул тууралуу биринчилерден болуп Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Пентагондун өкүлү бул АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылган аскерий операция болгонун ырастады.
Касем Сулейман менен бирге «Элдик мобилизация күчтөрү» кошуунунун өкүлү Абу Махди ал-Мухандис да өлтүрүлдү. «Associated Press» агенттиги жеке булактарына таянып Сулеймани түшкөн учакка Багдад эл аралык аэропортуна конгон учурда сокко урулганын жазды. Агенттиктин маалыматы боюнча ал Ливан же Сириядан келаткан.
Касем Сулеймани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири болгон. (BTo)
