Айрым министрликтердин сайттары иштебей калды
Кыргызстанда бир катар министрликтердин сайттары жана электрондук почталары иштебей калды. mfa.gov.kg, mineconom.gov.kg жана mvd.gov.kg деген домендер менен катталган Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Экономика министрлигинин сайттары ачылбай жатат.
Өкмөттүн жана Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул боюнча маалыматты тактап бере алышкан жок.
Ал эми kg домендерди тейлеген «Азияинфо» компаниясынын оператору сайттар эмнеге ачылбай жатканы текшерилип жатканын, алардын иштебей калышынын себеби тактала элек экенин билдирди.
Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда, gov.kg деген домен 2001-жылдын 16-январь күнү катталган. Анын мөөнөтү 2011-жылы 2020-жылдын 1-январына чейин узартылган. Айрымдар домендин мөөнөтү узартылбай калгандыктан министрликтердин сайттары иштебей калганын айтып жатышат.
2019-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленген. Бийлик ушул күнгө чейин «Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулганын, бир катар маалымкаттар электрондук формада бериле баштаганын жарыялаган. (BTo)