Бир суткада «Тез жардам» кызматына 759 кайрылуу түштү
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, «Тез жардам» кызматына баш-аягы 759 кайрылуу түшкөн. Анын 600үнө адистер телефондон кеңеш беришкен.
Бишкекте Ала-Тоо аянтында «Тез жардам» кызматынын эки бригадасы күзөттө турду. Аларга бир адам кайрылып, медициналык жардам берилген.
Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери, бейтапканалар 2-январдан тартып кадимкидей тартипте иштей башташат. 31-декабрдан бери бейтапканаларда күзөт бригадалары гана иштеп жатат. (BTo)
