Ооганстанда талибдердин чабуулунан 26 аскер мүрт кетти
Кундуз провинциясындагы өткөрүү бекетине кол салуудан 10 ооган аскери курман болуп, төртөө жараат алган. Балхтагы чабуул тогуз полициячынын өмүрүн алды. Провинциянын губернаторунун өкүлү Жавад Хажрин атышууда “Талибандын” 10 мүчөсү жок кылынганын айтты.
“Талибан” кыймылынын согушкерлери Катарда согушту токтотуу боюнча АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабай күн сайын өлкөдө чабуулдарды уюштуруп келет.
