Айсулуу Мамашова "Ата-Мекен" фракциясына лидер болуп бир добуштан шайланды
Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери болду. Анын талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты.
Бүгүн 27-декабрда фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берди.
Талапкерлердин тизмесиндеги үч адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшканы белгилүү болду. Ошондуктан Шыкмаматовдун ордуна тизме боюнча жогорудагы үч талапкерден кийинкиси – Нурбек Сыдыгалиев депутат болду.
120 орундуу парламентте "Ата-Мекен" фракциясына 11 орун таандык.
Лидерликке Мамашовага чейин депутаттар Садык Шернияз менен Сайдулла Нышановдун талапкерлиги коюлган. Бирок экөө бирдей добуш алып калып, кайра талапкерлигин коюу укугунан ажыраган.
Мамашова 31 жашта. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетин «Экономика жана башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы аталган окуу жайдан «Ишкердик башкаруу» адистигине ээ болуп, 2010-жылы магистр квалификациясын алган.
2009-жылдан тартып «Фирма Дасмия» ишканасынын президенти.
2015-жылы «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү. (RK)