Сот ИИМди кыйноого алынган жаранга миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди
24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигин (ИИМ) кыйноого кабылган Эсенбек Анарбек уулуна моралдык чыгым катары 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Акыйкаттык» - «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди.
Мекеменин өкүлү Нурислам Раимжановдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот чечимди аткарууну Финансы министрлигине жүктөп, ИИМди каржылоого каралган каражаттан бөлүп берүүнү милдеттендирген. Раимжанов ырастагандай алар 10 миллион сом доо өндүрүп берүүнү талап кылышкан.
Сот мындан сырткары 11 233 сомдук транспорттук, медициналык чыгымдарды жана 45 миң сомду өкүлчүлүк чыгымдары үчүн төлөтүү өтүнүчүн да канааттандырды.
2018-жылы ушул эле иш боюнча Жалал-Абад облустук соту Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкерин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Алар шектүүнү кыйноого алган жана кызмат абалынан аша чапкан деп айыпталган. 2018-жылдын 5-мартында Жогорку сот ушул эле соттун чечимин күчүндө калтырган.
Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылынын тургуну Эсенбек Анарбек уулун 2015-жылы Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектүү катары кармашкан. Эсенбек уулу милиция кызматкерлери анын башына желим баштык кийгизип, уруп-сабап, кудуктагы муздак сууга салып кыйнашканына даттанган. Факт боюнча прокуратура иш козгоп, сотко өткөн.
Сотто Эсенбек Анарбек уулунун кызыкчылыгын Жалал-Абадда жайгашкан «Акыйкаттык» - «Справедливость» уюмунун адвокаттары Сардор Абдухалилов жана Нурислам Раимжанов коргоду. (ErN)