Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу

0

Балмуздакты сүйбөй коюу мүмкүн эмес. Бул балалык чактын даамы, дайыма бейпил, санаасыз күндөрдү эске салат. Балмуздак көбүнчө өз алдынча азык катары пайдаланылса, кээде ар түрдүү чүйгүн жана башка тамактардын катарына кирип калган учурлар да жок эмес.
Балдар да, улуулар да балмуздакты бирдей сүйүп жешет. Көптөгөн жылдар бою ишкерлердин балмуздак жасап чыгаруу ишкерчилигиндеги жыл сайын жаңы технологиялардын чыгышы, балмуздактын улам башка түрү ойлонулуп табылышы, сатып алуучулардын күчтүү кабыл алуусу кызыгуусун жаратып келет. Бул балмуздакка болгон суроо- талап ылдыйлабай, тескерисинче, күчөп отурганынын далили боло алат.
Көптөгөн ишкерлер балмуздакты мезгилдик суроо-талапка ээ азык деп аташат. Жылдын суук мезгилинде балмуздак аз сатылып алынат дешет.
Бирок, жада калса кыштын ортосунда да балмуздакка болгон суроо- талап нөлгө түшпөйт. Балмуздакты ар кандай майрамдарда жана үй-бүлөдөгү жеке даталуу күндөрдө сатып алуучулар чекеден чыгат. Ошондуктан, эгер сиз балмуздак өндүрүү боюнча жеке ишкерчилигиңизди баштайм десеңиз анын кирешелүүлүгүнөн жана сатып алуучуларынын көптүгүнөн шектенбесеңиз болот.

Балмуздак өндүрүү боюнча компаниянын бизнес-планын түзүүдө, сөзсүз түрдө бизнести ачууга керектелчү бардык чыгашаларды жакшылап эсептеңиз. Ошондо, бюджетти туура тактаган болосуз.
Ишкерлер сатып алуучуларга балмуздакты кантип жеткирүү маселесин да алдын ала изилдеши керек. Анткени, бул ишке бардык эле автопаркта кездешчү жөнөкөй машинелер жарабайт.
Балмуздактарды жеткирүүгө муздаткыч камералары бар автоунаалар керектелет. Андайлар айрым гана транспорттук компанияларда бар жана акысына аз эмес сумма сурашат. Ошондуктан, балмуздак менен алектенүүнү каалаган ишкерлердин басымдуу бөлүгү мындай автоунааларды сатып алууну ойлонушат.
Башталышында бир автоунаа эле жетет. Кийинчерээк, бизнести кеңейткенде, жылып жүрүүчү муздаткыч камералуу машинелердин санын да көбөйтүүнү ойлоносуз. Бул чыгашалардын баары туруктуу болоорунан күмөн санабаңыз. Убакыт-сааты менен болуп турчу чыгалашаларды да унутпаш керек, балмуздакты өндүрүү боюнча цехте алар көнүмүш көрүнүш. Биринчи чыгаша — бул өндүрүштү жүргүзүүгө зарыл болгон чийки заттын сатыктагы баасы. Айрым ишкерлер бул үчүн кургак сүттү пайдаланышат, аны суу менен аралаштырып, жыйынтыгында керектүү даамдагы балмуздакты ала аласыз.
Бирок, кургак сүттөр колдонулбаган классикалык технологиянын жактоочулары да табылат, алар балмуздакты көп компоненттүү технологиялардын негизинде жасоону жактырышат. Туура, кургак сүт менен жасалган балмуздак өндүрүүчүлөр классикалык технологияны колдогондорго караганда чыгашасын азайтып, анын негизинде кирешесин көбөйтөт. Бирок, классикалык технология менен жасалган балмуздак сапаттуу болгондуктан, аны сатып алуучулардын да катары арбын.
Чыгашалардын суммасын азайтууга тез арада балмуздактын улам жаңы түрлөрүн ойлоп таап, кардарларга сунуштап туруу керек. Анын курамына кошула турган кошулмалар да бирдей боло бербей, жаңычылдыкка жол бериши шарт. Бирок, көпчүлүк ишкерлердин максаты азыкты сапаттуу чыгарууга коюлбай, чыгымдарды азайтып, атаандаштыкта алдыга чыгып, эптеп базарды ээлеп алууга умтулат. Тилекке каршы, жаңычылдык болбосо, жаңы ишке кирген компаниялар бул тармакта нечен жыл иштеп «акула» болуп калган компаниялар менен бир гана аймактык эмес, жалпы өлкөлүк базарда да атаандаша албайт.
Мындай учурда, башка тарапка чыгуу керек, сизден мурда орун ээлеген компанияларды жылдырууну максат кылбастан, башка жактан өзүңүзгө жай тапканыңыз оң. Чакан компанияларда мындай абалда атаандаштык бир гана айла бар, ал балмуздактын баасын арзандатуу. Гигант компанияларга так ушул нерсе оорчулук келтирет. Алар кыла албаганды сиздин компания кылса, арзан азыктын суроочулары да көп болот.
Андан тышкары, эсиңизде болсун, муздак азыктарды өндүрүүчүлөрдүн базарында атаандаштык күчтүү болгондуктан, чакан ишканалардын көпкө кармалышы кыйын. Алар бара-бара көбүнчө корпорацияларга сиңип кетишет да, убакыттын өтүшү менен майда компаниялар жоюлуп, бир нече ири компаниялар гана калат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө чакан ишкананын базарга аралашып орун таап кетүүсүнө уникалдуу даамдагы товар жардам берет. Анан дагы ал уникалдуу даамдагы товардын наркы өтө кымбат эмес, керектөөчүлөрдүн калың катмарына жетимдүү болсо, мына ошондо гана ийгилик жылмаят.
Балмуздак өндүрүү боюнча бизнес ачууда жарнама керекпи, же керек эмеспи, өзүңүз чечиңиз. Белгилеп коелу, бул нерсе жеке брендиңизди элге таанытууну көздөгөн учурда гана зарыл болот. Баса, бул чындап эле туура чечим, анткени, белгилүү бренддеги балмуздакка суроо-талап күчтүү, а анын сатылуу баасына өздүк наркы эле эмес бренддин баасын да киргизиңиз.
Балмуздак базарынын башкы маселеси — жарнама канчалык күчтүү болбосун, сатып алуучу өзүнө жаккан бренддеги, же бренди жок эле жөнөкөй балмуздакты сатып алат. Өндүрүшчүлөрдүн аракетине карабай, балмуздак эчак эле достук мамиленин «символу» болбой калган. Бул демек, балмуздактын жарнамасы жалпы көңүлдү алгач азыкка буруп, андан кийин гана кайсы бир бренддин алдында жасалган балмуздактарга басым жасаш керектигин белгилейт.
Балмуздак үчүн таңгакты кылдат тандаңыз. Ал бир катар эрежелерге жооп бериши керек. Сатып алуучулардын көңүлүн товарды чагылдырып турган таңгактагы балмуздактар тартат. Ошондой эле таңгак жеткирүүдө товарды бузбагыдай ыңгайлуу болушу шарт.
Балмуздак өндүрүү боюнча өндүрүш киршелелүү жана ийгиликтүү болсун десеңиз, бул базардын өнүгүү тенденциясын жакшылап үйрөнүңүз. Пайдаланууга жетимдүү болгон көп сандаган маркетингдик иликтөөлөр базардын боштугун жана акыбалын жакшылап түшүнүүгө, атаандаштык талаанын өлчөмүн ченөөгө жардам берет. Ал түрлөрдүн типологиясын, сатуу каналдарынын саны жана көрүнүшүн талдоого үйрөтөт.
Ушундай ыкма менен балмуздактын заманбап өндүрүүчүлөрү бизнести уюштурууга чын дилден сабаттуу аракет кылса, тандап алынган тармактагы ишмердүүлүгү тез эле ийгилик жаратат.

22 просмотров всего, 4 просмотров сегодня






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран


Спорт в России и мире
Москва

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о перспективном развитии соцполитики государства


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Шевчук

Военкор Котенок о Шевчуке: "И у этого дед - петлюровец"



Москва

Журналистка Кеворкова внесена в список террористов и экстремистов

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net