Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Үйлөнүү үлпөт тойлорун же башка майрамдарды өткөрө турган имараттарды өз алдынча кооздой турган заман эбак кеткен. Бүгүн аба шарларын өзү үйлөп, куттуктоо баракчаларын өз колу менен жазган той ээлерин табуу кыйын.
Барган сайын бул тармактагы атайын адистердин кызмат көрсөтүүсү көп кездеше баштады. Үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен кооздоо бизнесин ачып, жакшы суммадагы киреше табууга болот.
Бирок, бул үчүн алгач бир топ олуттуу ньюанстарды эске салуу керек, булар бизнести ийгиликтүү жана кирешелүү кылат. Албетте, бизнестеги чечүүчү фактор- үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен коздоо кызматынын кардарлары каражат жагынан чектелбеген адамдар болоору талашсыз. Бул өз кезегинде бизнес ээсинин кирешесине оң таасирин тийгизет. Үйлөнүү үлпөтүндөгү аба шарлары акчаны асманга сапыруу деп түшүнбөө керек.
Анткени, зал канчалык жогорку деңгээлде жарашыктуу жасалса, ошончолук тойдун коноктору жана ээлеринин маанайлары көтөрүңкү болуп, келгендердин эсинде ал той көпкө сакталат. Ошондуктан, негизинен той ээлери жасалгалоодон ашыкча үнөмдөшпөйт.
Үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен коздоо бизнеси абдан кирешелүү болуп эсептелинет. Айрыкча, бул колдонулган материалдарды сатып алууга кеткен чыгымдын аздыгы менен аныкталат. Аба шарлары абдан арзан, а адистердин кызматы жогору бааланат. Киреше жана чыгашанын ушундай көрүнүшү бул бизнести кирешелүү деп айтууга жол түзөт. Бизнес «чыгармачылык» деп аталат, андыктан мында ар бир эле адам иштей албайт.
Үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен коздоо агенттигинин кызматкеринин табити жана стили жок болсо, өз колу менен кандайдыр бир оригиналдуу, кооз нерсени жасоого дарамети жетпесе, анда анын жасаган иши кардарлардын деле көңүлүнө жакпайт.
Мындай абалда ийгиликтүү агенттикти жолго коем десе)из, ага жалаң гана өз ишинин мыкты адистерин чогултуңуз. Үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен коздоо — бул чыныгы искусство жана анда өз ишинин адиси гана иштеши керек.
Залды аба шарлары менен кооздоо, шарлардан ар кандай, мисалы, гүл, жүрөкчө фигураларды жасоо менен чектелет деп ойлоо жаңылыштык. Чындыгында, мында түс айкалыштарын туура тандоо да башкы орунда турат, имараттын жасалгасы гармониялуу жана жагымдуу көрүнүүсүнө мунун чоң таасири бар. Башкача айтканда, мындай иштин жасалгалоочусу мыкты табиттин ээси болушу шарт. Так ушул аракет гана ийгиликке карай биринчи тепкич болуп бере алат.
Агенттикти ачкандан кийин бир канча убакытка чейин тааныштар үчүн залды арзандатылган баада, же такыр эле бекер жасалгалоого туура келээри да бышык. Бул сиз үчүн пайдалуу — тажрыйба топтойсуз. Аны чыгаша алып келчү иш дебеңиз. Тескерисинче, бул сиз үчүн алмаштыргыс жана абдан зарыл тажрыйба, аны эч бир акчага сатып ала албайсыз.
Үйлөнүү үлпөттөрдү жана майрамдык кечелерди аба шарлары менен кооздоо бизнестин олуттуу өзгөчөлүгү — имаратты ижарага алуунун кереги жоктугу. Сиз башка бизнестин баштоочуларындай чакан, же чоң имарат издөө түйшүгүнө кабылбайсыз.
Көпчүлүк ишкерлер мындай бизнести өзүнүн батиринен башташат, кийинчерээк гана, түптөп алган соң офиске өтүшөт. Бул жерде башкысы — телефон аркылуу тапшырыктарды кабыл алып, же байланышуунун башка түрүн, мисалы, электрондук почта, социалдык тармактарды пайдалана билүү керек. Эң башкысы тапшырык берүүчүлөр сизди убагында таба алышса болгону. Калгандарын убакыттын өтүшү менен калыпка саласыз.
Мындай бизнестеги аба шарлары башкы жабдык жана чыгаша материалдары болуп эсептелинет. Алар дайыма ар түрдүү жана жетиштүү санда жаныңызда болсун. Кардар сизге тапшырык менен кайрылганда, аба шарларынын жетиштүү санын таппай кайсалап калдыңыз дегиче, бизнесиңиз бир кадам артка кетти деп түшүнө бериңиз.
Бул дароо кардарлардан сиздин компания тууралуу начар пикирин жаратат, ал өз кезегинде репутацияга терс таасирин берет. Шарлар ар кандай өлчөмдө, түстө жана формада болуусу кажет. Алар жазуу менен да, же жазуусу жок да болушу мүмкүн. Аны да эске алыңыз. Шарлардын канчалык көп түрүн кардарга сунуштасаңыз, ага сиздин агенттик менен иштешүү жагымдуу таасир калтырат, ишеним да артат. Сизге ишеним арткан адамдар башка тааныштарынын той-мааркелеринде сиздин агенттиктин кызматын сунушташып, натыйжада кардарлардын көптүгүнөн бош убактыңыз калбайт.
Дагы бир эскертүүчү нерсе — аба шарларын үйлөгөнгө сөзсүз түрдө атайын жабдыктарды сатып алыңыз. Көбүнчө булар кадимки компрессорлор, алар шардын ичине абанын ордуна жеңил газды үйлөшөт. Жеңил газ дегенибиз, аба шарларын жерге кулатпай, өйдөгө көтөрүп турчу атайын газ. Болбосо, элестете бериңиз, бир залды кооздогонго оңор эмес аба шарлары кетет, анын баарын оозуңуз менен үйлөсөңүз күчүңүз калбай, турган ордуңузда тырп кулайсыз.
Жеңил газсыз бул бизнестеги жасалгалоочунун ишин илгерилетүү мүмкүн эмес. Бүгүн компрессорлордун абдан көп түрлөрү колдонулат, алар функциялык мүнөзү жана наркы менен айырмаланышат. Кымбат жана сапаттуу компрессор имаратты аба шарлары менен кооздоо жараянын эки эсе тездетерин эске алуу керек.
Аба шарларын бекемдетүүгө колдонуучу атайын каркастар бардыгын да унутпаңыз. Эгер татаал фигураларды жасай турган болсоңуз шарларды карказсыз орнотуу такыр мүмкүн эмес. Карказдар алдын ала, же ар бир тапшырык алынгандан кийинки убакытта жасалышы шарт.
Негизинен металл каркастары көп жолу колдонууга боло турган элементтерди камтыйт, бул абдан ыңгайлуу. Андан тышкары жасалгалоочуга кагаз, жип, тасма жана башка нерселер да керек болот.
Имараттарды аба шарлары менен коздоочу агенттик бул бизнесте тезинен ийгиликке жетүүнүн каалайт. Ал үчүн сөзсүз түрдө продукцияларынын катологун жасатышы керек. Анткени, көбүнчө агенттикке кайрылган кардар эмнени каалаганын жетиштүү түшүндүрүп бере албай, кыйналат. Ошондо, катологду алдына ачса)ыз, кыялындагы элести андан таап алуусу мүмкүн. Мындай нерсе албетте, кардар менен бизнес ээсинин ортосундагы түшүнүүчүлүктү жандандырып, келишимден эртерээк ишке өтүүнү камсыздайт.
Каалоосун конкреттештирүү катологдогу сунуштардын өзүнө жакканын тандап алуу менен гана ишке ашат. Жасалгалоо сапаттуу жана абдан кооз аткарылышы компаниянын репутациясын түптөйт. Мындай катологдорду жасатууга кеткен чыгымды продукцияны жарнамалоого арналган каражаттан короткон туура болот.
2,025 просмотров всего, 796 просмотров сегодня