Отунбаева Жангарачеваны кызматтан алган министрди сындады
Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сын айтты.
- Социалдык тармактарда салттуу адеп-ахлактын жана баалуулуктардын коргоочулары дуулдашты. Жаш министр териштирип, жыйынтык чыгаруунун ордуна тайсалдап, көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алды. Мырзалар, токтогула! Балким силерде административдик күч бардыр, бирок коомдун жана аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Көргөзмө аялдардын маселесине, аларга карата зомбулукка арналган. Өкмөт, Маданият министрлиги аялдардын көйгөйүн чечүүдө эмне иш аткарды? – деп жазылган Отунбаеванын кайрылуусунда.
Экс-президент искусство ар кандай болорун, кээ чуу жаратарын белгилеп, мындай мисал келтирген.
- Чуулгандуу көргөзмөлөр дүйнө жүзүндө Батышта да, Чыгышта да болгон. Эйфел мунарасы кандай ызы-чууга кабыл болгонун элестеткилечи. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” боюнча Андрей Кончаловскийдин тасмасындагы жылаңач Наталья Аринбасарованы эстеп көргүлө. Өлкө анда да буркан-шаркан түшкөн.
Роза Отунбаева көрүүчү катары феминналеде менталитетке жат, биздин коомчулукта актуалдуу эмес маселелер болгонун белгилеп, мындай көрсөтмөлөрдүн концепциясын алдын ала сүйлөшүп алышы керек деген пикирге кошуларын билдирди.
Жангарачева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги акыркы окуяга байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2-декабрда кол койгон.
Көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты.
Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген. (TSh)