Америкадагы азыркы көчмөндөр
АКШда кыргызстандыктардын көбү оор жүк ташуучу унаа же трак айдашат. Алар бир штаттан экинчисине жүк ташып, узак жол басып, күндүр-түндүр дөңгөлөктүн үстүндө жүрүшөт. Бейрасмий маалымат боюнча АКШда 20 миңге жакын мекендешибиз бар.