Ошто театр майрамы башталды
Ош шаарында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы башталды. Фестивалга Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Орусиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Фестиваль беш күнгө созулуп, ага өлкөдөгү бардык театрлар катышат.