Гутерриш Сирия Баш мыйзам комитетин түзүүгө макул болгонун билдирди
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш кечээ, дүйшөмбү күнү Сириядагы кризисти саясий жол менен жөнгө салуунун алкагында баш мыйзам боюнча комитеттин мүчөлөрү аныкталганын жана өлкө ал сунуш менен макул болгонун маалымдады.