Польшада америкалык аскерлер көбөйөт
Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 23-сентябрда Нью-Йоркто Польшанын президенти Анжей Дуда менен жолугушууда ырастады.
Эки өлкөнүн лидерлери аскерий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча декларацияга кол коюшту. Документте башка европалык мамлекеттерден Польшага кошумча бир миң америкалык аскер жөнөтүү каралган. Бирок бул жаңы аскердик база түзүлдү дегенди билдирбейт.
Трамп «Польшадагы америкалык аскердин көбөйүшү Орусиядан келген коркунучка байланыштуубу?» деген суроого: «Жок» деп жооп берди.
Буга чейин Польшанын президенти буга чейин өз өлкөсүндө америкалык аскер базаны ачууну, аны «Форт Трамп» деп атоону сунуш кылып келген.
Учурда Польшада 4,5 миңдей америкалык жоокер бар. Биринчи контингент Польшага 2017-жылы жиберилген.