Жумабеков: Парламентти таратууга негиз жок
Жогорку Кеңештин төрасы Дастан Жумабеков парламентти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок деп эсептейт. Спикердин мындай позициясын парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу таратты. Жумабеков ЖКны таратуу боюнча демилге же сунуш жок экенин жана парламентти таратуунун жол-жобосу Баш мыйзамда так белгиленгенин айткан.
Мунун алдында айрым жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Кыргызстанда парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу ыктымалдыгын жазышкан. Буга парламенттин имиджи бузулганы себеп болуп жатканы жана мындай демилгени бийликти колдогон айрым депутаттар жаңы жылга чейин көтөрүп чыгышы мүмкүн экенин белгиленген.
Парламент өзүн-өзү таратыш үчүн мындай демилгени 120 депутаттын 80и колдошу керек.
Буга чейин 2017-жылы 6-мартта, президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасын өткөрүп жатып, парламенттин ишмердигин сынга алган. Ал депутаттарды “мыйзам чыгаруу менен эмес, ушак таратуу менен алектенүүдө” деп таратылышын колдой турганын айткан.
Кийин президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков РИА "Новости" агенттигине маек куруп, парламентти таратуу үчүн олуттуу негиз болушу керектигин белгилеген.
6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесе, парламенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтүшү керек.
Парламентте учурда КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракциялары коалициялык көпчүлүктү, “Өнүгүү - Прогресс” менен “Ата Мекен” фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.(КЕ)