Жээнбеков менен Путин кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады.
Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.
“Борбор-2019” биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде терроризм менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналат”, - деди орус лидери.
Кыргызстандын мамлекет башчысы машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын жана эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн «Борбор-2019» аттуу биргелешкен машыгуулары өтүп жаткан Орусиянын Оренбург шаарына бүгүн учуп барган. (КЕ)