Кыргызcтан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугат
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан соң абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери бүгүн жолукканы жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, жолугушуу Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен жерде өтөт жана 16-сентябрдагы окуядан кийинки кырдаалды жөнгө салуу чаралары талкууланат.
Жолугушууга эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.
Мадумаров учурда сүйлөшүүлөрдө чек арада мындан ары чек арадагы чатакты токтотуу жана биринчи болуп ок аткан тараптын жоопкерчилигин кароо маселелери коюлуп жатканын кошумчалады.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болду.
Андан тышкары 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 жаран бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.
«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктаганын жазды.
Бүгүн кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (BkA)