Капустага катып түрмөгө телефон алып кирүү аракети болду
Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакка капустага катып телефон алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) маалымдашты.
Уюкфонду өмүрүнүн аягына чейин кесилген кишиге туугандары алып кирип бараткан. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абак жайларга тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылгандар жазага тартыларын эскертет. (TSh)