Орусиядан «чыгарылган» тыңчынын чуусу
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы президент Владимир Путинге байланыштуу жашыруун маалымат берип жүргөн орус жаранын эки жыл мурда Орусиядан чыгарып кеткенин америкалык бир катар басылмалар жазып чыгышты. Бирок Ак үй да, Кремль да мындай маалыматты четке кагып жатат.