Бишкекте IT форум өтөт
Бишкекте «Санарип Кыргызстан 2019-2023» аттуу IT форум өтөт. Ага 2000ден ашуун киши катышып, Орусиядан, Казакстандан, Украинадан, Финляндиядан жана АКШдан спикерлер келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Интернет саясаты боюнча жарандык демилгенин жетекчиси Татту Мамбеталиева кабарлады.
24-сентябрда болчу форумдун алкагында киберкоопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, ачык маалыматтар жана мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүү, санариптик маркетинг темалары боюнча талкуулар, мастер-класс, тегерек үстөлдөр өтөт.
Быйыл 9-июнда Бишкекте «Кыргызстан - кезектеги глобалдык IT дестинация» деген эл аралык форум өткөн. Ал Кыргызстандагы IT тармагын ишенимдүү өнөктөш катары таанытуу, дүйнөлүк ишкер чөйрө менен байланышты бекемдөө максатында уюштурулган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. (КЕ)