АКШ орусиялык эки тергөөчүнү «кара тизмеге» киргизди
АКШнын Мамдепартаментинин сайтында жазылгандай, Орусиянын Тергөө комитетинин Сургуттагы башкармалыгынын жетекчиси Владимир Ермолаев менен улук тергөөчү Степан Ткач «Жахаба күбөлөрүн» кыйнашкан деп айыпталууда. Алар 2019-жылы февралда «Жахаба күбөлөрү» уюмунун кеминде жети мүчөсүн кыйноого алышкан. Сайтта алар жахабачыларды сурак учурунда «муунтуп, электрошокер менен кыйнап, өлөрчө токмоктошкону» жазылган.
2017-жылы Орусиянын Жогорку соту «Жахаба күбөлөрүн» экстремисттик уюм деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ошондон кийин уюмдун мүчөлөрүн камоо жана аларды тинтүү уланган. Сургутта быйыл февраль айында жети киши тергөөчүлөр кыйнаганын айтып арызданышкан. Бирок бийлик бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
АКШ Орусияны «Жахабанын күбөлөрүнө» карата куугунтукту токтотууга бир нече жолу чакырган. Мамдепартаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, «Орусиянын улуттук коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбесе да, 60тан ашуун жахабачы тергөө абактарында же үй камагында соттук териштирүүнү күтүп атат. Ал эми 250дөн ашык жахабачынын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат».