2020-жылы эл жана турак жай каттоо электрондук форматта өтөт
2020-жылы эл жана турак жай фондунун каттоосу электрондук форматта өтөт. Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты. Тиркеме 2019-жылы эл жана турак жай фондун пилоттук каттоодо Чүй облусунун Токмок шаарында, Чүй районунда жана Ысык-Көл облусунун Кум-Бел айыл аймагында сыноодон өткөрүлдү.
Эл жана турак жай каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. (КЕ)