Чүйдө жол кырсыгынан эки бала мүрт кетти
Чүй облусунун Жайыл районунда 10-сентябрь күнү саат 12:25де Орто-Суу айылынан «Ниссан-Сефиро» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен жети жана 16 жаштагы эки бала мүрт кетип, дагы бир 17 жаштагы өспүрүм Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдарды машинеден чыгарып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Акыркы учурларда жол кырсыктары көп катталууда. 9-сентябрда эле Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил автоунаа менен эл ташыган автобус сүзүшүп, 17 жаштагы төрт бала өлгөн. (BTo)