Аскердик комиссар пара алууга шектүү катары кармалды
Баткен облусунун Кадамжай районунун аскердик комиссары (М.З.) пара алууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.
Мекеме кабарлагандай, Ысык-Көлдүн Тоң районунун жашоочусу аталган райондун аскердик комиссары андан миң доллар пара алып, аскердик билет алып бергенин, документ жасалма чыгып калганын даттанып кайрылган. Арыздануучу кызматкер акчасын кайтарып бербей жатканын да билдирген.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренесинин 1-бөлүгү менен («Пара алуу») катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Иликтөө учурунда аскердик комиссар Тоңдо иштегени такталып, кийин Кадамжай районуна которулуп кеткени аныкталды.
Атайын операция учурунда аскердик комиссар мурда алган парасынын бир бөлүгүн (20 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда Кадамжайда кармалды. Кармоо учурунда ал күнөөсүн мойнуна алды жана анын иш бөлмөсүнөн ири өлчөмдөгү акча каражаттары алынды. Кармалган жаран гарнизондук гауптвахтага киргизилди. (ErN)