БУУ: Сириядагы авиасоккудан он күндө 100 киши курман болду
Акыркы он күндө абадан урулган соккудан Сириянын түндүгүндө кеминде 100 киши курман болду.
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет билдирди. Ал абадан согулган соккуну өкмөттүк аскерлер жана президент Башар Асаддын союздашы саналган орусиялык куралдуу күчтөр жасаганын белгилеген. Көп учурда мектеп, оорукана жана базарлар бутага алынган.
“Кеп жарандык объекттер туурасында болуп жатат. Бул чабуулдардын ырааттуулугун эске алганда, бул объекттер алардын жаңылыш максаты болгонун көрсөтүүдө”, - деген Бачелет.
22-июлда Сириянын түндүгүндөгү Маарет-ан-Нуман шаарында Орусия авиациясынын операциясы жүргөнү кабарланган. Бул аймакты "Хайят Тахрир аш-Шам" коалициясына кирген радикал топ көзөмөлгө алган. Абадан урулган соккудан кеминде 23 киши мерт болгон. Ал эми бир күн мурда Идлибдеги операцияда 18 жергиликтүү тургун каза тапкан. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматтарды “фейк” деп атаган.
Аймактын бир бөлүгүн Түркия жана Орусиянын куралдуу күчтөрү биргелешип көзөмөлдөп турат. Аймакты куралсыздандыруу боюнча убадаларга карабай аскерий аракеттер уланып келүүдө. Сириялык укук коргоочулардын баасында, Идлибде апрелден бери 650 киши каза болду.