Өкмөт "Коопсуз шаардын" кучагын кеңейтет
"Коопсуз шаар" боюнча тендердин экинчи этабы башталганы турат. Анда
байкоочу камералар республиканын бардык аймагына орнотулушу керек. Аны ишке
ашырууга ниеттенген компаниялардын документтери учурда тендердик
комиссиянын кароосунда жатат.