Көлмөгө автобус каттамы калыбына келтирилди
Бишкек мэриясы Көлмө конушуна №5 автобус каттай баштаганын билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июлда билдиргендей, кечээ кечке чейин каттамды ишке ашырган “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясы менен алардын автобустары кандай шартта жүрө алары тууралуу сүйлөшүү жүргөнүн кабарлады.
Сүйлөшүүгө вице-мэр Азиз Алымкулов баштаган топ катышты. Узакка созулган маектешүүдөн кийин аталган компания муниципалитеттин бардык шартын аткарууга даяр болду.
25-июлда Бишкек шаардык мэриясы аталган конуш менен №5 каттамды ишке ашырган “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын келишимин токтоткон. Калаа администрациясы мунун себебин аталган фирма бир катар талаптарды аткарбаганы менен түшүндүргөн. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө “Шыдыр Жол Кей Джи” быйыл аталган каттамды 25-январдан баштоого милдеттүү болгонун, Кытайдан автобус келбей калганына байланыштуу алгач 15-майга, кийин июлга жылып кеткени айтылат.
Бишкек шаарына караштуу Көлмө конушунун 50дөй тургуну 26-июлда нааразылык акциясына чыгып, каттамды калтырууну талап кылышкан. Алар кичи автобустарга караганда чоң транспорттор ыңгайлуу экенин айтып, калаа жетекчилигин каттамды ишке ашырып жаткан фирма менен келишимге келүүгө чакырышкан. (КЕ)