Москвада Навальныйдын фонду тинтүүгө алынды
Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Москвадагы Коррупцияга каршы күрөшүү фондун тинтүүгө алды. Бул тууралуу фонддун директору Иван Жданов “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Полиция 26-июль күнү кечинде мурда Москванын шаардык думасына депутаттыкка талапкер болгон Константин Янкаускастун ата-энесин тинтүүгө келгенин “Коммерсант” жазды.
Буга чейин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишүү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экс-талапкерлер Дмитрий Гудков, Иван Жданов, Алексей Соловьев жана Николай Баландин тинтүүгө алынган. Каттоого алынбаган сегиз талапкер тергөөгө сурак берүү үчүн чакырылган.
“Коммерсанттын” билдиргени боюнча, 27-июлда мэриянын алдында бийликтин Москва шаардык думасына көз карандысыз талапкерлерди каттоодон баш тарткан чечимине каршы нааразылык акциясы өтөт.
Мунун алдында Москва прокуратурасы митингге катышкандардын жоопкерчилиги жөнүндө эскерткен.
25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алууга чечим чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду.
Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акцияны баштоону сунуштап жаткан.