Рахмондун сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 26-28-июль күндөрү Кыргызстанга болгон сапарына байланыштуу, Ысык-Көл районунун Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки аралыкта бардык автоунаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме буга байланыштуу айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.
Андан тышкары оор жүк ташуучу, кооптуу жүктөрдү ташыган жана айыл чарба техникаларын башкарган айдоочуларга ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындыгы альтернативдүү «Балыкчы-Бөкөмбаев-Каракол» автоунаа жолу менен каттоо сунушталды.
Бүгүн, 26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу үчүн Тажикстандын Исфара шаарына барды. Президенттин аппараты эки мамлекет башчынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын билдирди. (BTo)