Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт
7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;
Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 19...21, күндүз 32...34 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.