Орусия ракеталарды жок кылуучу келишимден чыкканын мыйзамдаштырды
Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы жана ортоңку аралыкка уча турган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди токтотуу тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ 3-июлда укуктук маалымат жайгаштырылган расмий сайтка жарыяланды.
Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага Владимир Путин киргизген жана документ парламентте колдоо тапкан.
Ушул жылдын март айында Путин жакынкы жана ортоңку аралыкка уча турган ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимди токтотуу жөнүндө буйрук чыгарган. Муну аталган келишимдин шарттарын АКШ бузганы менен негиздеген.
Анын алдында, февралда АКШ келишимден чыгуу жараянын баштаган. Вашингтон Орусиянын «9М729 Новатор» деген жаңы ракетасы документтеги шарттарды бузат деп эсептейт.
Кремль болсо АКШнын дооматтарын «фактыларды бурмалоо, келишимден чыгуунун чыныгы максаттарын жаап-жашыруу» катары мүнөздөгөн.
Макулдашууга 1987-жылы СССР менен АКШнын лидерлери кол коюшкан.
Документке ылайык, Европада 1988-жылдан бери 500 чакырымдан 5,5 миң чакырым аралыкка уча ала турган баллистикалык жана канаттуу ракеталар жок болчу.