Караколдо 1,5 тонна ашлян-фу даярдалды (сүрөт)
1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата «III түнкү этнофестиваль» уюштурулуп жатат. Майрамдык иш-чара борбордук аянтта жана облустук өкүлчүлүктүн маңдайында өтүүдө.
Салтанаттын жүрүшүндө ашлян-фу фестивалы өтүп, анда 1,5 тонна ашлян-фу даярдалды. Борбордук аянтта дасторкон жайылып, тамактын бул түрү 3,5 миң кишиге таратылды.
Элдин саламаттыгынын коопсуздугу үчүн ашлян-фу 1-июлга караган түнү даярдалган. Караколдун атактуу тамагынын даамын татып көрүш үчүн башка аймактардан жана айылдардан да коноктор келишти. (ErN)