Тенгиз кениндеги заводдун курулушу убактылуу токтоду
Казакстанда жумушчулардын мушташынан кийин Тенгиз кениндеги заводдун курулушу убактылуу токтотулду. Атырау облусундагы газ кенин иштеткен «Тенгизшевройл» компаниясынын маалыматына ылайык, курулуш жакын арада жанданмакчы, калган объектилер кадимкидей режимде иштеп жатышат.
29-июнда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын ортосунда жаңжал чыккан. Чыр компанияда иштеген казакстандык кыздын социалдык тармакка тараган сүрөтү жарыялангандан кийин тутанган. Жергиликтүү кызматкерлер сүрөт мекендешинин намысына тийет деп санашат.
Мушташта 40тан ашык киши жеңил жараат алганы кабарланууда. Жүздөгөн иорданиялык жана ливандык жумушчулар эвакуацияланды. Ал эки өлкөнүн бийлиги алардын жарандары коопсуздукта экенин, аларды Казакстандан алып кетүү иши уюштурулуп жатканын билдирди.
Казак өкмөтү жана «Тенгизшевройл» окуянын «жеке мамилелерден» келип чыкканын белгилеп жатышат. Учурда Тенгиздеги абал тынч.
Атырау облусунун акими Нурлан Ногаев мушташ чет өлкөлүк жана жергиликтүү жумушчулардын бирдей эмес шартта иштеп жатышынан улам тутанганын айтты.