Кабулдагы жардырууда 65 киши жарадар болду
Ооган бийлиги Кабулдагы жардыруудан кеминде 65 киши жарадар болгонун бышыктады. Полициянын өкүлү Мохаммад Каримдин айтымында, Коргоо министрлигинин жанында дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин жоочулар имаратты аткылай башташкан. Коопсуздук күчтөрү ал жерди дароо курчоого алышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахидулла Маяр жарадар болгондор, арасында 9 бала ооруканаларга жеткирилгенин маалымдады.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Жардыруу Катарда АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын баштагандан көз узабай болуп отурат. Кабулда талибдер менен катар «Ислам мамлекети» экстремисттик уюм да иш жүргүзүп келет.