Орусиядагы үрөй учурган согуш
Американын Кызыл чырым уюмунун фотографтарынын сейрек кездешкен сүрөттөрүнөн Орус империясын кыйраткан кыйын учурдун көз ирмемдерин көрүүгө болот.
Американын Кызыл чырым уюмунун фотографтарынын сейрек кездешкен сүрөттөрүнөн Орус империясын кыйраткан кыйын учурдун көз ирмемдерин көрүүгө болот.
Бишкекте тропикалык жаныбарларды өстүрүп жатышат. Баш калаанын четинде төө куш чарбасы бар. Аларды эт жана жумуртка үчүн көбөйтүп жатышат. Бишкектин ызгаарын африкалык үлпүлдөк төө куштар көтөрө алабы?
Америка Талибан менен сүйлөшүүлөрүндө Ооганстандагы базаларын калтырууну талап кылды.
Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган бир нече наристе жашоо менен кош айтышты. Ноябрь айынын аягында Чүйдө эки жашар бала ооруканада чарчап калып, аны баккан аял камакка алынган.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу маалымат өкмөттөн алынды. Маалыматка караганда Жанат Бейшенов 49 жашта. 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген. 2015-2016-жылдары юридикалык Herbert Smith Freehills компаниясында консультант, 2014-2015-жылдары премьер министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген. ... Читать дальше...
Жогорку сот Роза Маманованын ишин кайра биринчи инстанцияга жиберди. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманованын доо арызы Жогорку сотто 15-январда каралды. 2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу кескен. Маманова буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанып, Баткен облустук соту мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Активист өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин жана... Читать дальше...
16-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында бурганак болушу мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Абанын темпертурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7, Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7, Баткен... Читать дальше...
Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында эки жыл эмгектенген депутат Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" наамын алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Расмий кабарда депутат "бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы" жазылган. Депутат Тазабек Икрамов "Азаттыкка" берген комментарийинде наамды Жаңы жыл майрамынын алдында алганын, Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында... Читать дальше...
Түркмөн бийлиги резервдеги аскерлерди каттоого алып жатат. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Коргоо министрлигиндеги өз булагы кабарлагандай, бардык аскер комиссариаттарына 50 жашка чейинки эркектердин согуштук аракеттерге даярдыгын текшерүү тапшырылган. Бул ооган-түркмөн чек арасындагы кооптуу кырдаалга байланыштуу. Бышыктала элек маалыматтарга караганда, аймакта жоочулар жандана баштаган. 12-январда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы борбордо резервдеги аскерлерди кайра каттоо башталганын маалымдаган. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү маалымат жыйын өткөрүп, жаңы кодекстер тууралуу маалымат берип жатат.
Конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Ал саясий жана мекенчил күчтөрдүн 24-ноябрдагы курултайынын чечимдеринин негизинде жазылды. Бул тууралуу "Элдик курултай" уюму 15-январда Бишкекте уюштурган жыйында айтылды. Долбоордо жети маселе камтылган. Анда референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына чейин дайындоо белгиленген. Жети суроонун ичинде "Конституциянын жаңылоо", "Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо", "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын тандоо", "Аймактык реформа" сыяктуу маселелер камтылган. Читать дальше...
Өкмөт көчөдө түкүргөн адамдарга салына турган айыппулдун көлөмүн азайтат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков басма сөз жыйынында билдирди. - Таштандыларды ой келди жерге таштоо үчүн 5,5 миң сом абдан туура. Бирок түкүрүктөр да ошол беренеге кошулуп калыптыр. Муну премьер-министр да туура эмес көрдү. "Муну башка берене менен киргизип, жазасын да өзгөртөлү" деген ойду айтты. Азыр Тартип бузуу жөнүндө кодексти карап көрсөк, "белгиленген эмес жерлерде тамеки тартуу" деген беренеге миң сом каралган экен. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков соттук-укуктук реформа жети жылга белгиленгенин айтып, ага 3 миллиард 400 миллион сом каралганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу маалымат берип жатып айтты. - Жети жылдык мөөнөттө биздин адистер, эл аралык эксперттер айтмакчы, 3 миллиард 400 миллион сом керектелет деген божомол болуп жатат. Анын ичинен 2019-жылы боло турган иш-чараларга 744 миллион сом бөлүп бердик, - деди ал. Бүгүн кыргыз өкмөтү жаңы кодекстер тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Читать дальше...
Өзбекстанда беш күн бою кечинде улуттук "Алпамыш" дастаны айтылат. Аны OXUS Culture коому Көркөм өнөр галереясы менен бирге уюштурган. "Дастан кечеси" аттуу адабий иш-чара 15-19-январь күндөрү кечинде болот. Анда "Алпамыш" дастаны алгач ирет толук түрдө ырдалат. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, дастанды Өзбекстандын эл акыны Абдуназар Поёнов айтат. Алпамыш - өзбек адабиятындагы улуттук баатыр, бирок казак, каракалпак, татар, башкыр, алтай элдери да аны өздөрүнүн адабий каарманы... Читать дальше...
14-январда Бишкектен Ирандын Караж шаарына эт ташып бара жатып, Фатх аэропортунда кырсыкка учураган учактын экипажынын аты-жөндөрү белгилүү болду.
Ооганстандын борбору Кабул шаарында чет өлкөлүк күчтөр жайгашкан райондо жардыруу болуп, 4 киши набыт болуп, 44ү жаракат алды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында Балдарды коргоо департаментин түзүүнү сунуштады. Алтынай Өмүрбекова азыркы учурда ата-энелер балдарын тууган-уруктарына таштап кетип жатканын айтып, анын айынан ырайымсыз мамиленин курмандыгы болуп жатканын айтты. Ал ата-энелери таштап кеткен балдарды аныктоо, аларга кам көрүү жана абалга көз салуу системасы тийиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганын айтты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...
Ош шаарында 10-январда көчөдө жаштардын ок аткан окуясы иликтенип жатат. Бирок милиция ок кандай куралдан атылганын тактай элек. Шаардык ички иштер башкармалыгы 14-январда берген расмий маалыматка караганда, окуя мэрия жана облустук бийликтин имаратына жакын "Изюм" ресторанынын тегерегинде болгон. Топтошкон жигиттердин бири асманга ок атканы тууралуу видео социалдык тармакка тараган. Милиция бул тасманы иликтеп, ага катышкан деп шек саналгандарды суракка алган. Баштапкы маалыматтарга ылайык... Читать дальше...
15-январда Октябрь райондук сотунда Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү башталып, кийинки отурум 28-январга белгиленди. Сот жараянында ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айтты. Албек Ибраимовго "Дастан” ишканасын жетектеп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган. Читать дальше...
Социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кытайларга карата маанайды курчутууну азыркы бийлик КСДПнын ишмердүүлүгүнөнөн эмес, мамлекеттик органдардан издеши керек экенин билдирди. "Биздин саясий оппоненттер кезектеги мындай калп жана ыпылас маалыматтык чагым таратуу менен өзүлөрү кетирген кемчиликтер үчүн күнөөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарууну көздөшүүдө. Кесипкөй атайын кызматтар чагымчыл митингдердин, тактап айтканда, 7-январда Бишкекте... Читать дальше...
Кум-Бел көмүр кениндеги абал боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиянын ишинин баштапкы жыйынтыгы чыкты. Кыргыз өкмөтү Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте кенде жаратылышка, элдин саламаттыгына келтирген зыяндарды аныктады. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, кенден чыккан калдыктар тоо бооруна чогултулган. Натыйжада, булак суусуна көмүрдүн чаңы аралашкан. Өкмөт бийлик калкты таза суу менен камсыздоо чараларын көрүп жатканын билдирди. «Цзинь Лун» ишканасынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар жолугушуп... Читать дальше...
Бүгүн, 15-январда саат 10.00дө Жогорку сот Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманованын доо арызын карайт. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. 2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу кескен. Маманова буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанып, бирок Баткен облустук соту мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Активист өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн... Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулда дүйшөмбүдө чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан жерде катуу жардыруу болуп, кеминде төрт киши көз жумду. Акыркы маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын саны 90го жетти. Буга чейин 40тай адам жараат алганы кабарланган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш жардыруу чет элдик уюмдар жайгашкан "Жашыл кыштак" деген райондо болгонун билдирди. Полиция жаракат алгандардын арасында 23 бала бардыгын кабарлады.
Таластагы муниципиалдык мекемелерге кирген уурулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө жана тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Эки жума мурун белгисиз адамдар тарабынан мэрияга караштуу "Таза суу" муниципалдык ишканасынан ноутбук, Коммуналдык чарба ишканасынан фотоаппарат, флешка өңдүү буюмдар уурдалган. Андан кийин үй-бүлөлүк медициналык борборуна да ууру кирип... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.