Шаардык сот Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды
Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды. Отурум 14-январда болгонун Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлады. Мурдараак ушундай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, Кулматовдун адвокаты шаардык сотко арызданган болчу. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган... Читать дальше...